Арстанбап-Ата айыл өкмөтү боюнча маалымат
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомунун негизинде, Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районуна караштуу ”Арстанбап” айыл аймагынын айыл өкмөтүн, “Кызыл-Үнкүр” айыл аймагынын айыл өкмөтүн, “Могол” айыл аймагынын айыл өкмөтүн жана Талдуу-Булак айыл аймагынын Көк-Алма айылын бириктирүү жолу 2024-жылдын 20-февралында Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин I сессиясынын №2-токтому менен “Арстанбап-Ата” айыл аймагынын айыл өкмөтү болуп кайра түзүлгөн жана 2024-жылдын 27-мартында мамлекеттик каттоодон өткөн.
Географиялык жайгашуусу
Арстанбап - Ата айыл аймагы Жалал-Абад облусунун түндүк-чыгыш тарабында Базар-Коргон районунда жайгашкан. Аймак батыш тарабынан Кеңеш айыл аймагы менен, түштүк тарабынан Сузак району менен, түндүк-чыгыш тарабынан Токтогул району менен, түндүк-батыш тарабынан Ноокен району менен чектешет. Айылдык аймактын борбору Ооган-Талаа айылы. Облустук борбордон 65 км, ал эми, райондун борборунан 45 км, Бишкек шаарынан 565 км алыстыкта жайгашкан.
Климаты
Айыл аймагы негизинен тоолуу, жаңгак токойлуу аймак, деңиз деңгээлинен 1100 метр бийиктикте жайгашкан. Кескин континенттик климат, айыл чарбасынын өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизет. Кыш мезгили 4-5 айга созулат жана катуу кар менен коштолот, минималдуу төмөнку температура +5, -25 оС жетиши мумкун. Жай мезгилинде температура 35-38 оС чейин жетиши мүмкүн. Жайында орточо температура 28оС, кышында -12 оС чейин болот.
Калктын саны
2025-жылдын 1-январына карата айыл аймагында 17 айыл бар, жалпы калктын саны 49811 адам жана 10198 кожолук бар.