Арстанбап-Ата айыл аймагында Ак калпак күнү кеңири белгиленди

481904131 122178030170273536 5451712710636701514 n

Арстанбап-Ата айыл аймагына караштуу билим берүү мекемелеринде кыргыз элинин улуттук символу болгон Ак калпак күнүнө карата мазмундуу жана шаңдуу иш-чаралар уюштурулду.

Атап айтканда, №34 орто мектебинде, Бел-Терек айылындагы №39 жалпы билим берүү мектебинде жана №50 “Эл-Нуру” мектепке чейинки билим берүү уясында окуучулар жана тарбиялануучулар активдүү катышкан майрамдык программалар өткөрүлдү.

Иш-чаралардын жүрүшүндө окуучулар кыргыз элинин каада-салтын, улуттук кийимдерин жана маданий мурастарын даңазалап, көркөм номерлерди тартуулашты. Ак калпактын мааниси жана тарыхы тууралуу маалыматтар берилип, жаш муундарга патриоттук тарбия берүү максаты көздөлдү.

Мындай иш-чаралар улуттук аң-сезимди жогорулатууга, маданий мурастарды сактоого жана келечек муунга жеткирүүгө чоң өбөлгө түзөт.