Бүгүн Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын болуп өттү.
Жыйында райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү, 2025/2026-жылдын күз-кыш мезгилине даярдыктарынын абалы жана алдыдагы милдеттер кеңири каралды.
Иш-чарага райондук мамлекеттик администрациянын башчысы – аким Талантбек Эдилов, коллегия мүчөлөрү, шаар жана айыл өкмөт башчылары, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, ошондой эле ар түрдүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышышты.
Жыйындын жүрүшүндө 9 ай ичинде жетишилген көрсөткүчтөр талданып, тиешелүү тармактар боюнча аткарылган иштерге баа берилди. Ошондой эле күз-кыш мезгилине карата даярдыктардын учурдагы абалы боюнча маалыматтар угулуп, суроо-жооп иретинде талкуулар жүргүзүлдү.
Коллегиянын жыйынтыгында район жетекчилиги тарабынан тиешелүү кызмат адамдарына жыл жыйынтыгына карата белгиленген көрсөткүчтөрдү толук жана сапаттуу аткаруу боюнча так тапшырмалар берилди.
Мындан сырткары, жыйындын алкагында өз ишинде айырмаланган жетекчилер жана кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун “Ардак грамоталары” менен сыйланышты.

