Арстанбап айылындагы чоң базар жаңы муниципалдык базарга көчүрүлдү

558939490 122213797130273536 4304119631120564714 n

Арстанбап айылынын борбордук бөлүгүндө жума сайын өтүп келген чоң базар бүгүнтөн тартып жаңы муниципалдык базарга көчүрүлдү.

Бул чечим Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Талант Эдиловдун тапшырмасынын негизинде кабыл алынып, негизги максат айыл борборундагы автоунаа тыгындарын жоюу болуп саналат.

Жаңы муниципалдык базар Арстанбап айылынын Ю. Исламов көчөсүндө жайгашып, өз ишин расмий түрдө баштады. Бул жерде соодагерлер жана кардарлар үчүн бардык зарыл шарттар түзүлдү.

Аталган ишти уюштурууда Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу И. Чолпонов, айыл башчы А. Досматов, М. Мамадалиев жана башка муниципалдык кызматкерлер активдүү катышып, базардын иштөөсү үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылышты.

Мындан ары жуманын үчүнчү күнү өткөрүлүүчү чоң базар толугу менен жаңы муниципалдык базардын аймагында уюштурулуп турат.