Арстанбап айылында жаңы көпүрө пайдаланууга берилди

559041950 122212828454273536 411344540578717028 n

Арстанбап-Ата айыл аймагына караштуу Арстанбап айылынын Кызыл-Алма көчөсүндө жаңы көпүрө курулуп, 2025-жылдын 2-октябрында расмий түрдө ачылып, пайдаланууга берилди.

Көпүрө жеке ишкер Мамаризаев Рахманали тарабынан өз демилгеси менен курулуп, айыл тургундары үчүн маанилүү инфраструктуралык объект болуп калды. Бул долбоор жергиликтүү калктын жүрүп-туруу шарттарын жакшыртууга жана коопсуздукту камсыз кылууга багытталган.

Белгилей кетсек, Мамаризаев Рахманали буга чейин да, 2024-жылы, дагы бир ички көпүрөнү жеке каражатынын эсебинен куруп, пайдаланууга берген. Анын мындай демилгелери айылдын өнүгүшүнө кошкон олуттуу салым катары бааланууда.

Жаңы көпүрөнүн ишке берилиши менен Кызыл-Алма көчөсүндөгү транспорттук байланыш жакшыртылып, тургундар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.