Кирпич заводун куруу үчүн жер тилкесин ижарага берүү боюнча конкурс жарыяланды

Hq720

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы Акман айыл аймагында жайгашкан мамлекеттик менчиктеги 1,28 гектар жер тилкесин кирпич заводун куруу максатында ижарага берүү үчүн конкурс жарыялайт.

Конкурстун максаты — өндүрүш тармагын өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана аймактын экономикалык потенциалын жогорулатуу болуп саналат.

Конкурска катышууга каалоо билдирген жарандар жана юридикалык жактар белгиленген талаптарга ылайык тиешелүү документтерди тапшыруусу зарыл.

Конкурстун шарттары, талаптары жана катышуу тартиби боюнча кошумча маалыматты Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынан алууга болот.

Hq720