Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча жыйын өткөрүлдү

481331742 122176168148273536 1169173033746210372 n

Кыргыз Республикасынын Президентинин №137 Жарлыгын аткаруу максатында Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы аппарат кызматкерлери менен коррупцияга каршы аракеттенүү маселеси боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматта мыйзамдуулукту сактоо, ачык-айкын иш алып баруу, ошондой эле кызматтык милдеттерди так жана жоопкерчилик менен аткаруу боюнча талаптар кеңири талкууланды.

Ошондой эле кызматкерлерге коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, кызматтык этиканы сактоо жана жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүү боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү тапшырмалар берилип, мамлекеттик кызматтын негизги принциптерин сактоо жана коррупцияга каршы аракеттенүүнү күчөтүү боюнча иштерди улантуу белгиленди.