Коомдук угуу: 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоору

454496833 1180453833204791 2014022496777236111 n

КУЛАКТАНДЫРУУ!

Арстанбап-Ата айыл аймагынын жалпы тургундарын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча өткөрүлүүчү коомдук угууга чакырабыз.

🗓 Өтүү күнү: 14-август 2025-жыл
Өтүү убактысы: 10:00
📍 Өтүлүүчү жери: Оогон-Талаа айылы, Оогон-Талаа маданият үйү
(Н. Укубаев көчөсү)

Коомдук угууга катышуу аркылуу сиз төмөнкү мүмкүнчүлүктөргө ээ болосуз:
• 2026-жылга карата жергиликтүү бюджет тууралуу толук маалымат алуу;
• Бюджет боюнча кызыктырган суроолоруңузду берүү;
• Өз пикириңизди билдирүү;
• Бюджет долбооруна карата сунуштарыңызды жана сунуштамаларыңызды берүү.

Сиздердин активдүү катышууңуздар аймактын өнүгүүсүнө маанилүү салым кошот.

🌐 Кошумча маалымат:
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий сайты:
http://arstanbap-ata.gov.kg/