Кирпич заводун куруу үчүн жер тилкесин ижарага берүү боюнча конкурс жарыяланды

Hq720

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы Акман айыл аймагында жайгашкан мамлекеттик менчиктеги 1,28 гектар жер тилкесин кирпич заводун куруу максатында ижарага берүү үчүн конкурс жарыялайт. Конкурстун максаты — өндүрүш тармагын өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана аймактын экономикалык потенциалын жогорулатуу болуп саналат. Конкурска катышууга каалоо билдирген жарандар жана юридикалык жактар белгиленген талаптарга ылайык тиешелүү документтерди тапшыруусу зарыл. […]