Арстанбап айылында салтка айланган жаңгак фестивалы жогорку деңгээлде өттү

579984345 122218945046273536 82404762485038390 n

2025-жылдын 11-ноябрында Арстанбап айылында салтка айланган жаңгак фестивалы жогорку деңгээлде уюштурулуп, кеңири масштабда белгиленди.

Бул маанилүү иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы – аким Талант Эдилов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, ар түрдүү тармактагы жеке ишкерлер жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү катышты.

Фестивалдын алкагында улуттук баалуулуктарды даңазалаган көргөзмөлөр, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продукциялары, маданий программалар жана ар кандай сынактар уюштурулуп, келген конокторго өзгөчө маанай тартуулады.

Жаңгак фестивалы аймактын экономикалык потенциалын көрсөтүү менен катар, туризмди өнүктүрүүгө, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого жана улуттук салттарды жайылтууга чоң салым кошту.