Кезектеги райондук коллегияда 9 айдын жыйынтыгы каралды

Бүгүн Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын болуп өттү. Жыйында райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү, 2025/2026-жылдын күз-кыш мезгилине даярдыктарынын абалы жана алдыдагы милдеттер кеңири каралды. Иш-чарага райондук мамлекеттик администрациянын башчысы – аким Талантбек Эдилов, коллегия мүчөлөрү, шаар жана айыл өкмөт башчылары, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, ошондой эле […]
Арстанбап айылындагы чоң базар жаңы муниципалдык базарга көчүрүлдү

Арстанбап айылынын борбордук бөлүгүндө жума сайын өтүп келген чоң базар бүгүнтөн тартып жаңы муниципалдык базарга көчүрүлдү. Бул чечим Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Талант Эдиловдун тапшырмасынын негизинде кабыл алынып, негизги максат айыл борборундагы автоунаа тыгындарын жоюу болуп саналат. Жаңы муниципалдык базар Арстанбап айылынын Ю. Исламов көчөсүндө жайгашып, өз ишин расмий түрдө баштады. Бул […]
Арстанбап айылында жаңы көпүрө пайдаланууга берилди

Арстанбап-Ата айыл аймагына караштуу Арстанбап айылынын Кызыл-Алма көчөсүндө жаңы көпүрө курулуп, 2025-жылдын 2-октябрында расмий түрдө ачылып, пайдаланууга берилди. Көпүрө жеке ишкер Мамаризаев Рахманали тарабынан өз демилгеси менен курулуп, айыл тургундары үчүн маанилүү инфраструктуралык объект болуп калды. Бул долбоор жергиликтүү калктын жүрүп-туруу шарттарын жакшыртууга жана коопсуздукту камсыз кылууга багытталган. Белгилей кетсек, Мамаризаев Рахманали буга чейин да, […]
АТА МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮ.

Арстанбап-Ата Айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Адишов жана райондук аскер бөлүгүнүн тиешелүү бөлүмдөрү,райондук Аксакалдар кеңеши,Баткен согушунун ардагерлери ооган согушунун ардагерлеринин катышуусунда Арстанбап-Ата айыл аймагына караштуу Арстанбап айылынын тургуну 101 жашка келген улуу ата Мекендик согушунун ардагери М.Далиевден кабар алып,майрамы менен куттукташты.
Өкмөт башчы А.Адишов,Аким Мирлан Карагуловдун Кызыл-Үнкүр айылынын тургундары менен жолугушуусу болуп өттү.

Базар-Коргон Райондук Мамлекеттик Администрациясы башчысы Мирлан Карагулов айыл өкмөт Алтынбек Адишов ,мекеме ишканалардын жетекчилери катышты Элдик жыйында жайыт, электр энергия,жол эң башкысы кыскартылган ооруканалар боюнча көйгөйлүү маселелер көтөрүлүп, тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди
Арстанбап-Ата айыл аймагына караштуу Ооган-Тала айылындагы жаңы курулган больницада алгачкы бөбөк.

2024-жылдын 12-декабрында Арстанбап-Ата айыл аймагынын Оган-Талаа айылынын жаңы курулуп жаткан төрөт үйүндө маанилүү окуя болуп өттү: биринчи наристе жарыкка келди. Бул энелерге жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга сапаттуу жардам көрсөтүүгө жөндөмдүү заманбап медициналык мекеменин ачылышын көптөн бери күткөн жергиликтүү коомчулук үчүн маанилүү учур болду. Акыркы жабдыктар менен жабдылган төрөт үйү айыл жергесинде медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу […]