Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Ой айылында 275 орундуу жаңы орто мектептин курулушу толугу менен аяктап, пайдаланууга берүүгө даяр болду.
Ошондой эле Арстанбап айылында заманбап спорт зал комплекси курулуп бүткөрүлүп, ачылыш аземине даярдык иштери жүрүүдө.
Бул долбоорлор билим берүү жана спорт тармагын өнүктүрүүгө багытталып, жаш муундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө чоң салым кошот. Өзгөчө спорт зал комплекси жаштардын ден соолугун чыңдоого жана спорт менен активдүү машыгуусуна бардык шарттарды камсыз кылат.

