Арстанбап-Ата айыл аймагына караштуу Чкалов айылында А. Шеркулов атындагы №28 жалпы билим берүүчү орто мектебинин кошумча корпусунун жана жаңы курулган жолдун ачылыш аземи болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри С.А. Токтогулович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А. Алтынбеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Жаныш Авазбекович, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары А.С. Сансызбаева, ошондой эле мектептин педагогикалык жамааты жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жаңы курулган мектеп корпусу 225 окуучуга ылайыкталып, облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен 46 млн сомго курулган. Курулуш иштери 2023-жылдын апрель айында башталып, учурда толугу менен аяктап, пайдаланууга берилди.
Мектеп заманбап талаптарга жооп берген шарттар менен камсыздалып, окуучулар үчүн сапаттуу билим алууга кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.
Аталган долбоор аймактын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жана социалдык инфраструктураны жакшыртууга чоң салым кошот.




